• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп Илон Маскты кызматка дайындады

13 Жетинин айы 202410:55 Бишкек Govori.TV

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маскты жана ишкер Вивек Рамасвамиди өкмөттүн натыйжалуулугунун жаңы департаментинин (DOGE) жетекчилигине дайындады.

«Бул системага жана мамлекеттик каражаттарды ысырап кылууга катышкандардын бардыгына шок алып келет, алар абдан көп», — деди Дональд Трамп.

CNBC телеканалынын маалыматы боюнча, Илон Маск шайлоого жардам көрсөтүү үчүн 130 миллион доллар короткон. Акыркы күндөрү Tesla акцияларынын 40 пайызга өсүшүнөн улам Илон Масктын байлыгы болжол менен 70 млрд долларга көбөйдү.

Количество просмотров: 171