Алмазбек Атамбаев Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунда жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. Экс-президенттин кайрылуусун уулу Кадырбек Атамбаев жарыялады.
“Сегиз жыл мурда мен президенттиктен өз ыктыярым менен кеткем. Өз мөөнөтүмдү, 6 жыл, өлкө башчысы катары чын жүрөктөн иштеп бергем. Мен эч качан Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан эмесмин. Албетте, каталарда да болду, — мен аны ар дайым мойнума алам. Андан кийин жасалма айып боюнча абакта жаза өтөдүм, эч кимдин алдына чөгөлөбөдүм. Эч кимди сатпадым.
Абактан кийин саясаттан алыстап, Испанияда ден-соолугум менен алектенип жатам. Абакта ден-соолугум абдан начарлаган. Бирок бийлик дагы эле тынчыбай жатат. Мени, менин колдоочуларымды, жакындарымды куугунтуктап, өтө майдаланып, ыплас жолдорго кирип кетти. Бул акыйкаттыкты издөө эмес, бул жөн гана майда кекчилдик, көралбастык.
Мен үй-бүлөм, жубайым жана балдарым менен, алардын жөнөкөйлүгү, адептүүлүгү менен сыймыктанам. Мен Фарид Ниязов менен Ирина Карамушкинага окшогон ондогон, жүздөгөн жолдошторум, пикирлештерим менен сыймыктанам. Алардын азап чегишине себеп болгонум үчүн кечирим сурайм.
Президент Садыр Жапаров Убактылуу өкмөт Бакиевдин иши боюнча ачык соттон коркуп жатат деди. Мен да ал өкмөттүн мүчөсү болгом. Бийлик мени июнь окуясынан баштап, коррупция, адам өлтүрүү жана дагы көптөгөн кылмыштар үчүн айыптап, соттоду. Ошондуктан бийликке конкреттүү сунушум бар: Рим статутун ратификациялап, Башкы прокуратурага Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылууну тапшырыңыз. Мен ал соттун алдына өзүм барып, бардык айыптар үчүн жооп берүүгө даярмын. Баары чындыкты билишсин.
Эгерде бийлик адилеттүүлүктү издесе анда эл аралык трибуналдан коркпойт. Ал эми Гаага мени күнөөлүү деп тапса, анда мен темир тор артында өмүр бою да отурууга даярмын.
Өлкө башчыларына дагы бир ирет кайрылам: мынчалык төмөн түшпөгүлө, мыйзамсыз кармалган жана пробацияда отурган, Кой-Таш окуясы жана башка жасалма кылмыш иштери боюнча силердин барымтаңар болгон бейкүнөө адамдарды бошоткула! Бул адамдар өз укуктарын коргоп, адилеттүүлүккө ишенгендиги үчүн өз эркиндигинен ажырашты. Алардын мындан ары камалышы мамлекет үчүн да, өлкө жетекчилиги үчүн да уят болот”, — деп айтылат билдирүүдө.
3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш иши” боюнча Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылган, окуяга аралашкан делген үч кишини сот залынан камакка алып, башка тарапташтарына пробациялык жаза берген.