• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды алууга даяр

22 Баш оона 2018 9:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.08.2018. Govori.TV
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды алуу боюнча маселени кайра кароого даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
“Орусия  Украина менен Сирия маселесинде АКШнын каалоосун аткарса, санкциялар алынат деп шарт койду”,- Д. Трамп.
«Өткөн айда Хелсинкидеги саммитте Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинадагы жаңжал боюнча маселелер сүйлөшүлдү. Ал саммитте Путин киргизилген санкцияларды алуу боюнча АКШга өтүнүч кылган жок», — деп кошумчалады Трамп.
Кошумчалай кетсек, АКШ Орусияга каршы алгачкы санкцияларды 2014-жылы «Орусия Крым жарым аралын каратып алды жана Украинанын чыгышында агрессия жасады»,- деп киргизген эле.
Количество просмотров: 27