• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаарынын бир району Турдакун Усубалиевдин атын алат

6 Жетинин айы 201913:23 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Эски аянтка жана борбор калаанын райондорунун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу туура болот. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналып Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып билдирди.

Эң негизгиси — улуу инсаныбызга койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да, анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөт. Ал башкаруунун бийик үлгүсүн, жетекчилик абийирдин нукура сапатын көрсөттү,- деди мамлекет башчысы.

Кошумчалай кетсек, Турдакун Усубалиев курдурган Күрп-Сай ГЭСине дагы анын ысымы берилди.

Количество просмотров: 172