• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт аялынын мойнуна дөңгөлөк илип, сабаган окуяны көзөмөлгө алат 

14 Кулжа 2020 0:05 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын окуясы өкмөттүн көзөмөлүнө алынды.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

«Бул окуя дүйшөмбү күнү, тагыраагы, 15-июнда аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө эркек киши аялды адаттан тыш жазалап жаткандагы видео тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Алгач бул окуя кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жоруктар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталган. Кийинчерээк, коомдо чоң резонанс жараткандан кийин КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 13-июнда аялын жазалаган киши райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды.

Количество просмотров: 185