АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан катышкан талапкер, өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп добуштар кандай чыгары таптакыр белгисиз болуп жаткан, «селкинчек» же «оомо» штаттардын жетөөндө тең алдыда экенин соңку эсептөөлөр көрсөтүүдө. Добуштарды эсептөө уланып жатат.
Флорида штатында шайлоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Трамп утканын жарыялады.
«Биз балдарыбыз татыктуу жана силер татыктуу болгон күчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Американы жаратмайынча тынчыбайм», — деп негизги убадаларын кайталады.
Трамптын атаандашы, Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдаган.
Азыркы саатка карата Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланышы үчүн зарыл шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек, бирок негизги штаттардагы жыйынтык ал алдыда экендигин көрсөтүүдө.
Булак: Азаттык