АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана мамлекеттик катчы Майк Помпео Анкарага басым көрсөтүп, сириялык күрддөргө чабуул жасоону токтотууга жетишүү үчүн шаршембиде Түркияга барышат.
Бул тууралуу 15-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.
Трамп АКШ ок атууну токтотууну талап кыларын, болбосо Түркияга болуп көрбөгөндөй санкциялар колдонуларын белгиледи.
Ак үйдүн билдирүүсүндө Майк Пенс Түркия президенти Режеп Эрдоган менен жолугушары айтылган. Кездешүү бейшембиде Анкарада өтөт.