• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп Украинага мурдагыдай жардам берүү азаярын билдирди

9 Бештин айы 202416:26 Бишкек Govori.TV

Американын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп шайлоо учурунда украин-орус согушун 24 сааттын ичинде токтотууга убада берген.

Трамп аз мурда эле Украинадагы согушту токтотуу боюнча иштеп жатканын, аны колунан келсе тез токтото турганын айтты. Ал кызматка киришкенден кийин Киев АКШдан мурдагы көлөмдөгүдөй жардам албай калышы ыктымалдыгын да билдирди.

8-декабрда Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен жолуккан соң, согушка катышып жаткан тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырган.

Ал АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүн экендигин, өнөктөштөр альянсты жетиштүү деңгээлде каржыласа, өлкө кала берерин да кошумчалады.

Количество просмотров: 177