• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Трамптын соту 15-апрелге белгиленди

26 Жалган куран 2024 17:44 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти, азыр Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трампка каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот 15-апрелде башталат.

Мындай чечимди дүйшөмбү күнү Нью-Йорк штатынын Жогорку сотунун судьясы Хуан Мерчан кабыл алды. Ал Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү үчүн чогултулган каражатты мыйзамсыз короткон деп айыптаган ишти карайт.

15-февралда Нью-Йоркто Манхэттендин кылмыш соту Трамптын каржылык алдамчылык боюнча ишин токтотуу өтүнүчүн четке каккан.

Тергөө Трамп 2016-жылкы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн ага адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген. Трамп ал кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан ага айып тагылган эмес.

Экс-президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамптын 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент мамкатчыдан өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну өтүнгөнү айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө.

Количество просмотров: 55