• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Транспорт министри Ысык-Көлдү кыдырып, жол оңдоо иштерин көрдү

5 Теке 202519:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Сыргабаев «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 0–25-чакырымындагы асфальт басуу жумуштарын текшерди. Бүгүнкү күндө аталган тилкеде «Кыргыз жол курулуш» тарабынан 25 чакырымга асфальт толук төшөлүп бүтүп, жол чийиндерин чийүү жана темир тосмолор орнотулууда.

Ал эми 25–71-чакырымдар аралыгында 19 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле, министр көпүрө куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштерин жеринен көзөмөлдөдү.

Мындан тышкары, Сыргабаев аталган автомобиль жолдун 71-91-чакырымдар аралыгында жайгашкан асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, министр Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолундагы жүрүп жаткан жумуштардан кабар алды.

Ведомство жетекчиси жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.

Количество просмотров: 259