Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 19-майдан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эске салды.
Ведомстводон билдиришкендей, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.
Бул чектөө:
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери менен текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
«Урматтуу айдоочулар! Ашыкча жүк жүктөгөндөн алыс болуп, жолдун сапатын сактоого салымыбызды кошолу!»,-деп айтылат маалыматта.