• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды

20 Бештин айы 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна баруучулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында чынжырлары болуусу керектигин эскертти.

Министрликтен белгилешкендей, жолдордун тоолуу тилкелеринде тыгын пайда болгон учурда каршы тилкеге чыкпоо жана кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоо зарыл.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн, 20-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында секундасына 15-20 метрге жетет.

Количество просмотров: 147