• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Транспорт министрлигинин кызматкерлери митингге чыкты

23 Бештин айы 2020 13:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин имаратынын алдына кызматкерлер митингге чыгышты.

Маалыматка караганда, алар эмгек акыларын төлөп берүүнү талап кылышууда.

Социалдык тармактарга жарыяланган видео тасмада митингге чыккандар бир нече айдан бери эмгек акыларын толук ала электигин айтышты.

«Бизге өткөн жылдан бери эле айлыгыбыз убагында берилбейт. Биз дагы үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Жетекчилик биздин оозду жаптырыш үчүн 2 миңге жетпеген айлык акыбызды берип, калганын күткүлө деп жатат» — деп билдиришти нааразы болгондор.

Аталган мекеменин админстрациясынан атайын чыккан өкүл митингге чыккандардын суроосуна жооп берген.

Видеодо ал «Бул маселе эртең чечилет. Жаңы жылдан кийин айлык акы толугу менен убагында төлөнүп турат» деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 135