Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) дүйнө жүзү боюнча түз жалданган кызматкерлерин 7-февралдан тарта административдик өргүүгө чыгарат. Бул тууралуу уюмдун сайтындагы билдирүүдө айтылат.
«2025-жылдын 7-февралында, жума күнү, саат 23:59да (Бишкек убактысы боюнча 8-февраль саат 10:59) ЮСАИДдин бардык түз иштеген кызматкерлери дүйнө жүзү боюнча административдик өргүүгө чыгарылат», — деп айтылат билдирүүдө.
Негизги жетекчилик, маанилүү миссия функциялары жана дайындалган программалар үчүн жооптуу агенттиктин кызматкерлерине гана өзгөчөлүктөр болот.
Кызматкерлер 30 күндүн ичинде мекеменин эсебинен чет өлкөдөн кайтарылары белгиленген. Бул мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча узартылышы мүмкүн, мисалы, балдарынын бүтпөгөн окуу мөөнөтү, кош бойлуулук, жеке же үй-бүлөлүк медициналык муктаждыктар жана башкалар. Ар бир конкреттүү иш өзүнчө каралат.
2025-жылдын 20-январында, АКШнын президенти кызматына расмий киришкенден кийин дароо эле Дональд Трамп “АКШнын тышкы жардамын кайра баалоо жана кайра уюштуруу жөнүндө” Аткаруучу буйрукка кол койду. USAIDдин жоюлушу тууралуу буга чейин ишкер жана АКШнын Мамлекеттик эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск билдирген.