• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Транспорт салыгын төлөдүңүзбү? Бишкекте рейд жүрүүдө…

7 Аяк оона 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

Райондордо 4-топтогу (транспорт каражаттары) мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Батыш автобекетинин аймагында рейд өткөрүштү.

60ка жакын унаа ээлери текшерилип, анын ичинен 6 унаанын ээсине акт түзүлдү.

Свердлов районунда да кыймылдуу мүлккө салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүү иштери күчөтүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 644 унаанын ээлери токтотулуп, текшерүүгө алынды.

Бардыгы болуп 88 текшерүү актысы түзүлдү, анын ичинен транспорт салыгы боюнча 79 акт жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын (такси кызматы) көрсөткөн жеке жактардын патенти жок экендиги жөнүндө 9 акт түзүлдү.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Урматтуу унаа ээлери! Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 1-сентябрында аяктаганын эске салабыз, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча тезирээк төлөөңүздөрдү суранабыз.

Количество просмотров: 118