• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

3 Тогуздун айы 202217:35 Бишкек Govori.TV

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 5253