Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин көрсөттү. Жаңы талапкер боюнча эмне белгилүү?
Жанат Бейшенов 1970-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.
1993 — Кыргыз архитектуралык курулуш институтун «инженер-куруучу» адистиги боюнча аяктаган;
2007 — 2010 — Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусу, доцент.Э
— 1993 – 1996 — «Альтаир» өндүрүш компаниясында башкы адистен тарта директордун орун басарына чейин иштеген;
— 1996 – 1997 — Россия менен биргелешкен «Эржан» компаниясынын директору;
— 1997 – 1998 — КРдин премьер-министринин аппаратынын тармактарды өнүктүрүү департаментинин референти;
— 1998 – 1999 — Өндүрүш, курулуш, транспорт жана коммуникациялар департаментинин референти;
— 1999 – 2000 — КРдин премьер-министринин аппаратынын керектөөчүлөр рыногун өнүктүрүү секторунун жетекчиси;
— 2000 – 2005 — КРдин Чехиядагы соода өкүлү;
— 2005 – 2006 — Транспорт жана коммуникация министринин орун басары;
2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси болгон;
2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.