• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Транспорт жана жолдор министрлиги кышка 86 пайыз даяр

22 Тогуздун айы 2018 17:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Быйылкы кышка транспорт жана жолдор министрлиги 86 пайыз даяр. Бул тууралуу аталган мекеме бүгүнкү өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ага кошумчалай биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул мекемеге ашуулардагы маселелердин алдын-алуу боюнча жаңы ыкма колдонуу керектигин айтты.

Ал эми Баткен облусунун Сүлүктүсүндө  кооптуу жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалымдады.  Ошондой эле бул элетте көмүрдун баасы 2,5 сомго арзандай турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 23