Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV.
Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин «Ай-Петри. Крым» сүрөтүн уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 31 жаштагы шектүү Москва облусундагы Заречье айылында кармалды. Колго түшкөндөн кийин сүрөттү кайсыл жерге катып койгонун айтып, ал полиция кызматкерлери тарабынан табылды», — деп билдирди мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк.
Кечээ белгисиз киши өзүн музейдин кызматкери катары көрсөтүп, Куинжинин «Ай-Петри. Крым» сүрөтүн алкактан чыгарып алып кеткени кабарланды. Ал маалда музейдин күзөт кызматы штаттык режимде иштеп жаткан.
XIX кылымдын экинчи жарымындагы орус сүрөтчүсү Куинжинин Третьяков галереясындагы көргөзмөсү 27-январда ачылган. Ага сүрөтчүнүн 180ден ашык эмгеги коюлган.