Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорт жаатындагы токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы токтом долбоору боюнча коомдук муниципалдык унаалардагы (автобус, троллейбус) жол кирени 11 сомго, жүргүнчөлөрдү ташыган жеке менчик компаниялардын кичи автобустарындагы жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушталууда.