• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Цехтен чыккан өрттөн бир киши иске ууланды

17 Бештин айы 2020 10:49 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаарында цехте чыккан өрттөн бир жаран иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда Ч.Айтматов проспектиси №1 “Бишкек штамптоо заводунун” аймагында жайгашкан модуль цехтин 120 чарчы метр чатыры жана 300 литр боек күйгөн.

«Ишкананын 120 чарчы метр чатыры жана 300 литр боёк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1985-жылы туулган П.Ф. аттуу эркек киши иске ууланып, жеңил жаракат алды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 66