• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Циркта тургандай». Мирлан Талайбеков шаардык депутаттардан сын укту

7 Тогуздун айы 202512:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйыга чогулду. Жыйын учурунда депутат Казыбек Эргешов Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Талайбековдун дарегине сын пикирин айтты.

Депутат өз сөзүндө Талайбеков жетекчилик кылган 3 айда көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн айтып, иш жүзүндө анын ишинин натыйжалуулугу жок экенин айтты.

Ага жооп кайтарган Талайбеков июль, август жана сентябрь айларында жазылган протоколдордун саны 20,1%га өскөнүн бидирип, инспекция башаламан соодадан жүк ташуучу автотранспортко жана курулуш компанияларына багыт алганын белгиледи.

Депутат андан ары сын айтууну улантканда Талайбеков жооп кайтарып, депутатка эгерде жактырбаса социалдык тармактарды көрбөй эле коюну сунуштады.

Сөзгө аралашкан депутат Куванычбек Конгантиев Талайбековду өзүн колго алууга чакырып, нааразы болду.

Количество просмотров: 877