Бишкек.11.05.2019.Govori.TV.
Тунисте жээкке жакын жерде кеме кырсыкка кабылып, бери дегенде 50 адам көз жумду. «Reuters» агенттиги анда африкалык мигранттар Италияны көздөй сүзүп баратканын жазды.
Эл аралык миграция уюму 70 адамдын 16сы куткарылганын кабарлады. Куткаруучулар үч адамдын сөөгүн тапты. Тунистин Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мигранттар Ливиянын батышындагы Зуара портунан бейшемби күнү жолго чыгышкан.
Ливия борбору Триполида куралдуу кагылыштар жандангандан бери Жер ортолук деңизи аркылуу тынч аймактарга качкан бозгундар көбөйдү.
Эл аралык миграция уюму Жер ортолук деңизинде 2300дөй адам чөгүп кеткенин, суу аркылуу 120 миң адам Европага жетип барганын маалымдаган.