Ош базарынын тегерегиндеги соода кылгандардан тазалоо иштери уланууда.
Соцтармакта товар жайып, сатчу тактайын кучактап ыйлаган аялдын видеосу тарады. Анда тактай үстүндө жаткан соодагер аялга «Турба Алмакан, эч турба!» деп күлгөн үндөрдү угууга болот.
Бирок буркурап боздогон аял ыйына карабай, баары бир тактасын тарттырып ийген.
Бул видеодон соң интернет колдонуучулары нааразы пикирлерин айтышып, бийлик алгач иш менен камсыз кылышы керек эле деп жазышууда.