• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Турдубаев: Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа эң төмөн

22 Чын куран 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа эң төмөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөдө электр энергиясына баа өтө эле төмөн. Ошол эле Казакстанды, Өзбекстанды карап көрсөк, аларда жарандар үчүн 2 сомдон жогору. Биздин өлкөдөгү буга чейинки тарифтер саясий чечим болуп келгендиктен, бул тармактагы өтө чоң карыздарга алып келди. Андай жолду кайрадан баспоо максатында иштерди аткарып жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров билдиргендей бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түзүп, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келди. Мамлекет башчы турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу керектигин айтып, ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин билдирген.

“Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”,-деген Жапаров.

Количество просмотров: 54