Турдуназир Бекбоев КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды
Турдуназир Бекбоев КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды
6 Жетинин айы 201810:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыгына ылайык, Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Бекбоев буга чейин президенттик аппараттын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иш бөлүмүнүн башчысынын кызматын жетектеп келген.
Кошумчалай кетсек, Турдуназир Бекбоев 1961-жылы 14-апрелде Сузак районуна караштуу Урумбаш айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Белоруссиянын айыл чарба институтун бүтүргөн.