25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири 35 жаштагы Салтанат Тургунбекова 6 баланын энеси.
«Өзүм жеке ишкермин. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана жетим балдарды ар кандай ийримдерге окутуп, жумуш менен камсыз кылганга аракет кылам. Бул тренингден шыктанып, үйдө отурган келиндерге тажрыйбам менен бөлүшкүм келет»,-деди ал.