• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кош жарандыгы бар экенин айтты

4 Бугу 2023 16:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Туризмди өнүктүрүү фондундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин талкуулап жатышат.

Фонддун жетекчиси Елена Калашникова кош жарандыгы бар экенин мойнуна алды. Тактап айтканда, анын орус жана кыргыз паспорттору бар.

«Өмүр бою Орусиянын жаранымын, бул жакка 30 жыл мурун турмушка чыккандан кийин көчүп келгем. Орусиянын жарандыгын да сактап калгам. Мен Кыргызстандын жарандыгын 2023-жылдын январында гана алдым, бул мыйзамга каршы келбейт», — деди ал.

Эске салсак, Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана башкармалыктын жетекчисинин үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болгон.

Количество просмотров: 110