Бишкек.25.02.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана Бишкектин «Алга» клубунун жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажикстандын жогорку лигасында ойногон «Худжанд» клубунда карьерасын улантат. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын футбол федерациясынын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка караганда келишим бир жылга түзүлгөн.
«Ташкентке Өзбекстандын «Андижан» клубу менен келишим түзүү үчүн баргам. Бирок ал жактан келишимдин шарты боюнча бир пикирге келе алган жокпуз. Ошол учурда Ташкентте окуу машыгуусунда жүргөн «Худжанд» клубунда ойноо сунушу түштү. Ал жактан жаңы клуб үчүн самарканддык «Динамо» менен болгон оюнга чыгып, беттештин башталышында гол киргиздим. Командада мыкты футболчулар чогулган. Алардын көбүн тааныйм, ошол себептен жакшы тосуп алышты. Март айында аталган клуб АФК кубогунда оюндарын баштайт», деп айткан Рустамов.
Турсунали Рустамов 29 жашта. «Худжанд» клубунун катарында буга чейин 2014-жылы да ойноп келген. 2012-жылдан бери улуттук курама командада ойнойт.