Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.
12-апрелде Укук коргоочу Турсунбек Акун “Аки пресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бабановдун келүүсү жана Камчыбек Ташиевдин айтуусу тууралуу өз оюн айтты.
“Эмне үчүн Бабанов бийлик менен соодалашыш керек? Ага эки кылмыш иши козголгон. Ал мыйзам чегинде жооп бериш керек”,- деп айтты укук коргоочу.
Мындан тышкары ал саясатта түрмөдө камалып жаткан Өмүрбек Текебаевдин даражасына жеткен жок дейт.
Турсунбек Акун ошондой эле өз сөзүндө 2017-жылы сентябрда Он-Адырда айтылган сөзу чагымчыл кайрылуу тараткан деп билдирди.
“Ал келгенге чейин кылмыш ишин жабууну талап кылып жатат. Бул туура эмес. Бабанов от менен ойноп жатат. Кече аянтка 10 миң адам чогулат, аэропорттон 4 миң адам тосуп алат деген маалымат тарады. Аны аэропорттон тосуп алгыдай Шевченко бекен? Макул Валентина Шевченко дүйнөлүк спорт чемпиону. Соц тармактарда митинг болот деп жатышат. Элди көтөрбөш керек. Биз Шевченкону тосуп алганы жаткан жокбуз, саясатчыны тосуп алган жатабыз”,- деп айтты Турсунбек Акун.
Мындан сырткары укук коргоочу, «Камчыбек Ташиев бир жыл мурун мени алдашты деп жаткан. Бирок, азыр башкача сүйлөп жатат. Ал азыр эки Президентти жараштырайын деп жатат. Алар кантип жарашат?”,- дейт Акун.