• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Турсунбек Акун: Атамбаев алты жыл ичинде эң жаман иштерди жасаган

22 Кулжа 2019 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.

Атамбаев өзү «Чимкирик» деп атаган депутаттар өзүн кол тийбестигинен ажыратып жатат. Мындай пикирин укук коргоочу Турсунбек Акун Govori.TV агенттигине билдирди. Мындан сырткары укук коргоочу «Бул жерде Жээнбековдордун кандай тийешеси бар? же Сооронбай Шарипович тандады беле? Асылбек Шарипович тандады беле депутаттарды? Өзү тандабады беле?»-деп билдирди.

Андан ары сөзүн улап, «Бул жерге Жээнбековдорду аралаштыруу мен ойлойм Атамбаев тарабынан уятсыздык болуп эсептелет»-деп айтты. «Атамбаев эки хан сарай салып алды. Менин досторум келип өздөрү салып берди-деп жатат. Достору Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковдордун бардыгы коррупциялык каналдар менен камакта жатышат. Кылмыштуу кландын башында Атамбаев өзү тургандыгын тиешелүү документтер тастыктап жатат. Коомчулук Атамбаевдин качан камайсыңар деп жатат. Кыргызстандын жараны катары Атамбаевдин камалышын колдобойм, каршы чыгат элем. Бирок өлкөнүн 90пайыз эли качан камалат деп атат. Бул жөн эмес да. Анан макул депутаттардын 30-40 кы саткын болсун, бирок 100 депутат саткын эмес да. Аларда Атамбаевдай болуп, эл тарабынан шайланып келген. Ошондуктан Атамбаевдин бул билдирүүсү жөн гана актануу»-дейт Турсунбек Акун.

Мындан сырткары, Турсунбек Акун «Президент Сооронбай Жээнбеков токтоолуктун жана сабырдуулуктун туу чокусун көрсөтүп келе жатат. Ошондуктан Атамбаевдин азыркы билдирүүсү өтө жаман билдирүү, элди алдоого аракет кылган, коомдук пикирди башка бурууга аракет кылган, өзүнө коюлган күнөөлөрдөн элди адаштырууга далалат кылган билдирүү болуп эсептелет. Атамбаев алты жыл ичинде эң жаман иштерди жасагандыгын коомчулук, эл, кудай көрүп турат»,-деп айтты


Количество просмотров: 26