• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Турсунбек Акун: Атамбаев ушак таратып жүрөт

10 Кулжа 201918:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

«Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү сүйлөп жатып көп адамдардын аброюну жана ар-намысына шек келтирди. Ошонун ичинде укук коргоочу катары мага да шек келтирип, «Батукаевден акча алган» -деп эл алдында басынтууга чейин барды». Мындай пикирин укук коргоочу Турсунбек Акун Govori.TV агенттигине берген маегинде билдирди.

«Мамлекет башчысы жогорку билимдүү, маданияты бар адам болуш керек. Алты жыл башкарган адам жөн адам эмес. Ал башкаларга кеңеш берип, акылын айтып, жогорку денгээлде сүйлөшү керек эле. Бирок тилекке каршы аябай төмөнкү деңгээлеге түшүп, көрүнгөнгө асылып, башканы кой мамлекет башчысына да асылып «Колгоз» деп. Кыскасы аябай жаман сөздөр менен айтып парламент, өкмөткө асылып. Баары бүткөндө Турсунбек Акунга өттү да»-деди укук коргоочу.

Количество просмотров: 25