«Талантым бар, тааныш жок» долбоорунда жаңы конок. Бул жолу Уланмырза Туткучов келип Сабатар Исаковдун «Өтүнүч» чыгармасын аккордеондуну менен обон созуп аткарып берди.
Уланмырза Туткучов музыкалык билим алып, азыркы учурда борбордогу мектептердин биринде окуучуларга музыкадан сабак берип, орус мектепте билим алып жаткандарды кыргызча ырдатып мугалимдик кесипти аркалап келет.