• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Туудагы күн нурунун формасын өзгөртүү сунушу сынга калды

28 Аяк оона 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Бул сунуш социалдык тармактарда ача-пикир жаратып, кызуу талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 397