• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Туугандарынан жабыркаган баланы апасы Москвага алып кетет

2 Бугу 201916:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.

Мыкаачылыктан жабыркаган өспүрүмдүн апасы орусиядан келип, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбеков менен жолугушту.

Анда акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери, бала ооруканадан чыккандан кийин туугандарга аралаштырбай бөлөк жашоо сунушун айтышты.

Белгилүү болгондой, тогуз жаштагы баланын апасы жогорку билимдүү, Москвада чет тилинен сабак берип жүргөн. Эми окуу жылынын соңунда баласын кошо алып кете турган болду. Анын айтымында тиешелүү бардык шарттары бар.  

Количество просмотров: 15