• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

27 Теке 2022 10:36 Бишкек Govori.TV

Ошто “Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну «ТИЕНС» (Тяньши) фирмасынан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген О.Т. аттуу жаран анын ишенимине кирип, “Сиз фирмага 210 миӊ төлөп, “ 6 жылдыз” даражасын алсаӊыз, айына 23 миң сом айлык маяна берилет, андан сырткары 210 миӊ сом дагы сиздики болот” деп айтып алдап, жабырлануучудан 210 миң сом алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгү билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон..

Милиция тарабынан бул факты боюнча шектүү катары Чүй облусунун 1997-жылы туулган О.Т. аттуу тургуну кармалып, Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция жарандардан жогоруда аталган фирмадан жабыркагандар болсо арыз менен кайрылууну суранат. Маалымат үчүн телефон номери :03222-4-82-82.

Азыркы учурда бул факт боюнча ар тараптуу кошумча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат

Количество просмотров: 1011