Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына талапкер Абсатар Сыргабаевге депутат Гуля Кожокулова Бишкектеги тыгын маселесин чечүү боюнча кандай кеңеш бере турганын сурады.
Белгилей кетсек, анын талапкерлиги ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында каралды.
«Тыгын маселесин чечүү үчүн мэрияга эмне кылууну сунуштайт элеңиз?» – деп сурады депутат.
Сыргабаев депутатка жооп берип жатып, тыгынды чечүүнүн жолу катары автобус менен жүрүүнү атады.
Белгилей кетсек, Сыргабаев буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп иштеген.