• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тыналиева: «Кыйын» тренингине өзүмдү өнүктүрөйүн деп келдим

11 Бештин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Айнура Тыналиева, ал Бишкек шаарынан келген.

«Мен запастагы подполковник. Өзүм ишкер айым болобосом да, бул жактагы ишкер айымдардан таасир, тажрыйба алуу үчүн келдим. Азыркы учурда мезгил талабы болуп жаткан аялзаттын коомго кандай салым көрсөтуп жатканы боюнча колдоо жүрүп жаткандыктан, ушул учурдан пайдаланып, бул тренингге тажырыйба бөлүшүп, өзүмдү өнүктүрөйүн деп келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 104