Бишкек.07.03.2019.Govori.TV.
Журналист Тынчтык Алтымышев «Govori.TV» мультимедиялык агенттигинин айымдарын өзгөчө куттуктап ыр жазып жолдогон.
Говоринин кыздары жарык маңдай,
Куттук айтып, каалаймын жакшы маанай!
Жаз күнүндөй жаңычыл жансыңар го,
Үйүңөрдө жашасын, бакыт, таалай!
ММКда элита мүнөзүңөр,
Жарк-жарк этип өзгөчө жүрөсүңөр.
Качан кайда ким менен жүрсөм деле,
Көңүлүмө жапжакын бир өзүңөр!
Кемибей да, кетилбей, бүлүнбөстөн,
Кан-бектердир алдында жүгүнбөстөн,
Чыркыратып чындыкты тургулачы,
Акыйкаттык барынан түңүлбөстөн!