• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тынчтык Субанкулов УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси болду

5 Бештин айы 202517:34 Бишкек Govori.TV

Тынчтык Субанкулов УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин башкармалыкты Каныбек Досмамбетов жетектеп келген.

Бүгүн жаңы жетекчини жамаатка тааныштырууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана облус активи катышты.

Количество просмотров: 199