• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тыныбекова дүйнөлүк бирикменин рейтингинде 1-орунда

5 Бирдин айы 2020 13:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (UWW) рейтингинде лидерлигин бекемдеди.

16-январда Италиянын Рим шаарында болгон рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталды. Тыныбекова 62 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынап, катары менен Америка, Кытай жана Россиянын балбандарын утуп алган.

Турнирдеги жеңиши үчүн ал алтын медаль жана рейтингдик 8 упайга ээ болгон. Ошондой эле бул салмак категориядагы мелдешке ондон ашуун спортчу катышканы үчүн ага дагы 8 упай берилген. Буга чейин Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында болгон дүйнө чемпионатын жеңгени үчүн дүйнөлүк рейтингде 60 упай топтогон.

Ал эми украиналык Юлия Ткачук Остапчук дагы Италиядагы турнирге катышып, 3-орунга ээ болгон. Бул үчүн ал 12 упай алган. Жалпы 30 упайы менен 3-орунга көтөрүлгөн. Ошол эле турнирдин жарым финалында Тыныбековага жеңилген Кайла Коллин Миракл 5-орунга жазылып, 10 упай алган.

Февраль айында Африка, Европа жана Азиянын чемпионаттары өтөт. Анын жыйынтыгындагы упай дагы рейтингге кошулат.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 558