• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тыныбекова эл аралык мелдешке катышуу үчүн Польшага учуп кетти

6 Жетинин айы 2020 9:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Poland Open эл аралык мелдешине катышуу үчүн Польшага учуп кетти. Бул тууралуу спортчу Facebook соцтармагындагы баракчасына билдирүү калтырды.

Тыныбекова мелдештен кийин атайын машыгууларды Польшада улантарын билдирди.

«Вируска байланыштуу ортодогу узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин кайрадан күрөш боюнча турнирге катышуу үчүн Варшавага жөнөдүк. Азыр аман-эсен Стамбулга келип алдык. Аялдар күрөшү боюнча Poland Open эл аралык турнирине бара жатабыз. Убакыттын тардыгына байланыштуу дароо жетерибиз менен күрөшөм», — деп жазган Тыныбекова.

Количество просмотров: 86