• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тыныбекова: Мага берилген «Манас» ордени чоң жоопкерчилик

23 Баш оона 2021 14:39 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алган балбан Айсулуу Тыныбекова II даражадагы «Манас» орденин алуу өтө чоң жоопкерчилик экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу достор! Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирет бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз! Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик! Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук. Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!», — деп жазган Тыныбекова.

Кошумчалай кетсек, Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку чемпиону.

Количество просмотров: 137