• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты

3 Баш оона 202110:02 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги чейрек финалда румыниялык Кристина Тундени утуп, Олимпиада-2020 мелдешинин жарым финалына чыкты.

Ал атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Балбан кыз эми украиналык Ирина Колиаденко жана кытайлык балбандын жеңүүчүсү менен жарым финалда кездешет.

Кошумчалай кетсек, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. 

Количество просмотров: 320