• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тыныбекова жарым финалга чыкты

24 Бирдин айы 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 545