• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тынысова: Саясатка аралышып, мекенди өнүктүрсөм дейм

11 Бештин айы 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири жеке ишкер Чынара Тынысова. 55 жаштагы Тынысова Талас облусунун Кара-Буура районунан катышты.

«Тренинг тууралуу социалдык тармактар аркылуу билдим. Аялдардын билимин тереңдетүү керек деп эсептейм, себеби келечек муунду туура тарбиялоодо аял затынын ролу чоң. Мындан тышкары социалдык маселелер абдан көп, ошол багытта иш алып баргым келет»,-деди ал.

Количество просмотров: 86