Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 28-сентябрь күнү Американын Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясына катышып, сөз сүйлөдү.
Ал Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшү жана жарандык сектордун бекемделишиндеги жетишкендиктерди белгиледи. Министрдин айтымында, өлкө жумушсуздукка, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жана инфратүзүмгө таасирин тийгизген социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнү улантып жатат.