• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тышкы иштер министри өрт кырсыгына байланыштуу түркиялык кесиптешине көңүл айтты

3 Чын куран 2024 17:25 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2-апрелде Стамбулдун борборунда 29 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу түркиялык кесиптеши Хакан Фиданга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«2024-жылдын 2-апрелинде Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы имараттардын биринде болгон өрттүн кесепетинен улам адамдардын курмандыктарына байланыштуу чын дилимден жана терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.

Биз орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз», – деп айтылат Министр Ж.Кулубаевдин телеграммасында.

Количество просмотров: 63