• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга иш сапары менен барат

21 Тогуздун айы 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Казакбаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Количество просмотров: 96