КР Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы абалды абдан тынчсыздануу менен байкап турганын билдирди.
Чыр-чатакка катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун ченемдерин сактоого, абалды курчута турган аракеттерден карманууга чакырат.
Кыргыз Республикасы согуштук иштерди токтотуп, чыр-чатакты жөнгө салуу жана саясий диалогго келүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү көздөй тургандыгын билдирет.
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Израилге, Иран Ислам Республикасына жана Ливан Республикасына барбай турууну эскертет. Ошол эле учурда ушу тапта аталган региондордо жүргөн жарандарды жеке коопсуздугун камсыздоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана өздөрү жүргөн мамлекеттердин талаптарын бекем сактоого чакырат.
Кокус кандайдыр бир маалымат же жардам керек болуп калса, төмөнкү телефондорго байланышууну суранат: